01.04.2019 10:40

Кыргызстан аймагы аркылуу транзиттик жол менен чет элдик жарандарды өткөргөн канал аныкталды

Кыргызстан аймагы аркылуу транзиттик жол менен чет элдик жарандарды өткөргөн канал аныкталды

Кыргызстан аймагы аркылуу транзиттик жол менен чет элдик жарандарды өткөргөн канал аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, УКМКнын тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасынын базасынын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик жол менен чет элдик жарандарды ташыган каналдар табылып жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) аскер кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылар аныкталып, алардын ишине бөгөт коюлду.

Такталгандай, 2019-жылдын март айларында «Манас аэропорту» көзөмөл-өткөрмө пунктунун аскер кызматкери, Мамлекеттик чек ара кызматынын прапорщиги «М.Д.» Иран мамлекетинин 6 жаранынын паспортун тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасынын базасына мыйзамсыз каттап, 900 АКШ доллар өлчөмүндө акча алып, алардын документтерине КР аймагына киргендиги тууралуу жасалма мөөр басып берген.

УКМК чогулткан материалдардын негизинде, Аскер прокуратурасы тарабынан 2019-жылдын 27-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 320- (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 329- (кызматтык жасалмачылык) жана 329-беренесинде (пара алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө иштери жүрүп жатат.